• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча Кытайдан ашып өттү

Дүйнө 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча Кытайдан ашып өттү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде айтылат.

Ага ылайык, Россияда илдетти 87 миң 147 жаран жуктурса, Кытайда 83 миң 912 адам жуктурган. Ал эми илдеттен Россияда 7 миң 346 адам айыккан, каза болгондордун саны 794 адамды түзөт.

Ошол эле учурда Кытайда оорудан 78 миң 306 жаран айыгып, илдетти жуктурган 4 миң 637 адам каза болгон.

Коронавирусту эң көп АКШда 965 миң 933, Испанияда 229 миң 422, Италияда 197 миң 675, Францияда 162 миң 220, Германияда 157 миң 946, Улуу Британияда 154 миң 37, Түркияда 110 миң 130 жана Иранда 91 миң 472 жаран жуктурган. АКШда илдетти жуктурган 54 миң 877 адам каза болгон. Аталган өлкө каза болгондордун саны боюнча сап башында турат.

Дүйнөдө өпкөнү сезгенткен ооруну 2 млн 989 миң 90 жаран жуктурса, 875 миң 54 адам илдеттен айыккан. Ал эми каза болгондордун саны 207 миң 431 жаранды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий