• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россия КРнын 240 млн доллар көлөмүндөгү мурда берилген насыялык карыздарын кечүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети мурда берилген насыялар боюнча Кыргызстандын Россияга карызын жөнгө салуу тууралуу макулдашууга карата протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 2012-жылдын 20-сентябрындагы макулдашуу менен Кыргызстандын 488,9 млн доллар көлөмүндөгү карызы эсептен чыгаруу аркылуу жөнгө салынган. Ал эми 2013-жылдын 22-майында Россия 188,9 млн доллар өлчөмүндөгү карызды иш жүзүндө эсептен чыгарган.

Макулдашууга ылайык, эсептен чыгарылган карыздын калган 300 млн доллары 10 жылдын ичинде, башкача айтканда, 2016-2025-жылдар аралыгында жыл сайын 30 млн доллардан эсептен чыгарылууга тийиш болгон. Ошондон улам, 2016-2017-жылдарда 60 млн доллар эсептен чыгарылган. Демек, 2017-жылдын 30-апрелине карата карыздын калдыгы 240 млн долларды түзөт.

2017-жылдын 20-июнунда КР Президенти Россияга болгон мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө мурда берилген насыялар боюнча карыздарды жөнгө салуу тууралуу макулдашууга карата протоколго кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстандын карызын мөөнөтүнөн мурда жана бир жолу кыскартууга мүмкүндүк берип, карыздарды толугу менен жокко чыгарылат.

Андан тышкары, 240 млн доллар өлчөмүндөгү карызды бир жолу эсептен чыгаруу ички дүӊ өнүмгө карата мамлекеттик тышкы карыздын деӊгээлин 3,8 пайызга кыскартат жана ал жалпысынан Кыргызстандын мамлекеттик карызынын өлчөмүнө туура келет.

Пикир

Оставить комментарий