• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов үй камагына чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Кечээ, 15-февралда коррупцияга шектелип кармалган Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунан ырасташты.

Мындай чечим кечээ жыйындын жүрүшүндө кабыл алынды. Тергөөчү баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтиргени белгиленди.

Эскерте кетсек, буга чейин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Мамытов камакка киргизилген. Ага КР Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылып жаткан. Ал үстүбүздөгү жылдын 8-мартына чейин УКМКнын абагында кармалыш керек болчу.

Пикир

Оставить комментарий