• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын шаарларында жана айылдарында бизнес-жолугушууларды өткөрөт

Экономика 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын Каракол, Талас, Нарын, Ош, Баткен, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларында жана Ала-Бука айылында ишкерлер үчүн бизнес-жолугушууларды өткөрөт.

Фонддон кабарлашкандай, бизнес-жолугушуулардын максаты – фонддун ишмердүүлүгү тууралуу ишкерлердин жана жергиликтүү органдардын маалымдуулугун жогорулатуу.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү өз бизнесин өркүндөтүү үчүн жеңилдетилген насыяларды кантип алууга боло турганын айтып беришип, “Аймактар – өсүү чекиттери”, “Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталга катышуусу” аттуу конкурстарды тартуулайт.

Пикир

Оставить комментарий