• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россия Кыргызстан менен ден соолукту чыңдоо туризминде кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев баштаган кыргыз делегациясы Россиянын Урал Федералдык округуна иш сапары менен барды Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде өкүл Элчибек Жантаев Россиянын Челябинск облусунда болуп, губернатордун орун басары Станислав Мошаров менен жолугушту.

Тараптар аймактар ​​аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, товарларды жана продукцияларды өз ара жеткирүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле биргелешкен ишканаларды ачуу маселелерин талкуулашты.

Жантаев Ысык-Көл облусунун экономикасынын артыкчылыктуу тармактары жана Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө айтып берди. Ал туризм жаатындагы кызматташтыкты активдештирүүнү жана Челябинск облусунун жашоочуларынын, өнөр жай ишканаларынын кызматкерлеринин ден соолуктарын чыңдоону Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык мекемелеринде уюштурууну сунуш кылды.

Жантаев менен Мошаров аймактар ​​аралык кызматташуунун Биргелешкен жол картасын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу жөнүндө макулдашты.

Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов, КР Туризм департаментинин директору Самат Шатманов, Жети-Өгүз районунун акими Мурат Раматов жана башка адамдар катышты.

Андан соң, делегация «ЧРЗ ПОЛЕТ» АКда болуп, «Акылдуу шаар» долбоорунун үлгүсүндө аймакты өнүктүрүүгө санариптештирүүнү киргизүү тажрыйбасы менен таанышты, ошондой эле «МЕЧЕЛ» Челябинск металлургиялык заводунун ишканасынын жетекчилиги менен жолугушуп, заводдун өндүрүш процессин көрүүгө жетишишти.

Мындан тышкары, Челябинск облусунун туризм тармагынын өкүлдөрү жана ири өнөр жай ишканаларынын кесиптик бирикмелери менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациялары тартууланды.

Россиялык тарап Кыргызстан менен ден соолукту чыңдоо туризминде кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун колдоосунда жана катышуусунда өттү.

Пикир

Оставить комментарий