• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россия Кыргызстан менен Тажикстанга чек ара маселесин чечүүгө көмөктөшүүгө даяр – РФ ТИМи

Дүйнө 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын бийликтерин чек арадагы чагымчылдыкты токтотуу үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырып, чек ара маселелерин узак мөөнөттүү чечүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу министрликтин сайтындагы билдирүүгө таянып, РИА Новости маалымдайт.

"Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин ортосунда түзүлгөн келишимдерди эске алуу менен биз эки тарапты кырдаалды саясий-дипломатиялык талаага кайтаруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө жана ар кандай чагымчылдыкты биргелешип токтотууга чакырабыз”, - деп айтылат маалыматта.

РИА Новостиге буга чейин Россиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булак билдиргендей, Москва Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалга тыкыр көз салып жатат жана жергиликтүү бийлик тез арада кырдаалды көзөмөлгө алат деп үмүттөнөт.

Пикир

Оставить комментарий