• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россия Кыргызстан менен ыктыярчылык чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшөт

Коом 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда атайын иш-чара өтүп, анын алкагында Россия менен КРнын өкүлдөрү жаштардын бир катар маселелерин талкуулашат. Бул тууралуу “Россиянын жана Кыргызстандын жаштары: кызматташуунун жаңы мейкиндиктери” аттуу конференциясында жаштар иши боюнча федералдык агенттиктин жетекчиси Александр Бугаев кабарлады.

Ал белгилегендей, бүгүнкү конференция мындай форматта өткөн биринчи иш-чара. Алар жаштар менен иш алып барган Россиянын коомдук бирикмелеринин жетекчилери кирген чоң делегация чакырышкан.

“Биздин алдыга койгон максаттарыбыз абдан чоң. Биздин орус-кыргыз форум сыяктуу салтка айланган бир нече өз ара аракеттенүү жайларыбыз бар. Жакында ыктыярчылык жана жаштар арасында ишкердүүлүк тууралуу бир нече маселелерди камтыган иш-чара өткөрүүнү пландаштыруудабыз. Биз Россиядагы ыктыярчылар жылы алкагында иштеп чыккан тажрыйбалар менен бөлүшүүгө даярбыз”, - деп билдирди Бугаев.

Сөзүнүн аягында ал эмдиги жылы боло турган – жеңиш күнүнүн мааракелик жылы тууралуу эскертип, бул биздин ата-бабаларыбыздын биргелешип алып келген жеңиши деди. “Ким өткөн нерселерди эстебесе, анын келечеги жок”, - деди Бугаев.

Пикир

Оставить комментарий