• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Россия Кыргызстанда IT тармагында окуу курстарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карайт

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Роскызматташтык Кыргызстандын аймагындагы кесиптик-техникалык окуу жайларда кыргызстандыктар үчүн IT технологиялар тармагында окутуу курстарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карайт. Бул тууралуу кечээ, 17-мартта Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын Роскызматташтыктын жетекчиси Э. Примаков менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду, -деп билдирет элчиликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы гуманитардык жана социалдык долбоорлор боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Элчи маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Кыргызстанда жаштардын жана эксперттик чөйрөнүн катышуусунда интеллектуалдык жана дискуссиялык аянтча түзүү демилгесин көтөрдү.

Россия тарап Кыргызстандык жаштарды кыргыз жана орус жазуучуларынын улуу чыгармалары менен тааныштыруу максатында Кыргызстанда мобилдүү китепкана уюштуруу боюнча элчиликтин сунушуна кызыгуусун билдирди.

“Роскызматташтык китеп фондун камсыздоо жана көчмө китепкананы жабдуу маселесин кароого даяр. Кыргызстандын алыскы калктуу конуштарында билим берүүчү кинотасмаларды көрсөтүү үчүн көчмө кинотеатрдын иштеши жөнүндө маселе изилденет. Ошондой эле, Кыргызстандын аймагындагы кесиптик-техникалык окуу жайларда кыргызстандыктар үчүн IT технологиялар жаатында окутуу курстарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн дагы карап чыгат”,-дейт Э.Примаков.

Г. К. Самат 2020-жылы Кыргызстанда COVID-19 эпидемиясы күчөп турган мезгилде кыргызстандык медик-ыктыярчылар жасаган жигердүү иштер жөнүндө айтып, Кыргызстан менен Россиянын медик- ыктыярчыларынын ортосунда кызматташтык түзүүнү сунуш кылды.

Ошондой эле, элчи мегаполисттердеги экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча тажрыйба алмашууну уюштурууга кызыкдар экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий