• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россия Кыргызстандагы абал туруктуу болушуна кызыкдар - эксперт

Коом 0

Бишкек, 25.07.19 /Кабар/. Россия Кыргызстандагы абал туруктуу болушуна кызыкдар. Бул тууралуу эксперт Игорь Шестаков Россиянын президенти Владимир Путиндин КРнын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуусунан кийинки билдирүүсүнө комментарий берип жатып билдирди.

Эске салсак, күн мурун Москвада Атамбаев менен Россиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу болгон. Жолугушуудан соң Путин кыргызстандыктарды учурдагы президенттин айланасына биригүүгө чакырган. В.Путин билдиргендей, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда көптөгөн биргелешкен экономикалык долбоорлор бар.

Игорь Шестаковдун ою боюнча, Россия региондогу коопсуздуктун кепилдиги болун саналат. Россия өлкөдөгү абал туруктуу болушуна кызыкдар. Путиндин Россияда ар кайсы тармакта өз ара пайдалуу добоорлор бар экендигине басым жасаганы да жөн жеринен эмес.

"Атамбаевге өз статусуна карабай ал президенттер деңгээлинде жолугуша ала турган саясатчы экенин көрсөтүү маанилүү болгон. Албетте, ага байланыштуу Москвага болгон сапарга даярдык, мурдагы президенттин жөнөп кеткендиги Кыргызстандагы ММКда болушунда чагылдырылды - Кант базасы аркылуу учуп кетип жаткандагы видеолор жүктөлдүк. Бул пландан алып караганда мурдагы президенттин командасы аталган жагдайды жакшы чагылдырды. Эң жакшы пиар кылуу менен алар Атамбаевдин дагы деле Москвада салмагы жана таасири бар экендигин көрсөтүүгө аракет кылышты. Маалым болгондой, Россия биздин республиканын негизги стратегиялык өнөктөшү жана тышкы саясий союздашы болуп саналат. Жолугушууга келе турган болсок, чындыгында мен бул жолугушуунун жана сүйлөшүүлөрдүн боло тургандыгынан күмөнүм бар болчу. Менимче, Владимир Путин, Россия президентинин администрациясы биздин өлкөдө болуп жаткан акыркы айдагы окуяларга кылдаттык менен мониторинг кылып турушат. Ага байланыштуу Кыргызстанга карата позициясы жана саясий жагдайга баа берүү үчүн Путинге жакшы мүмкүнчүлүк болду деген ойдомун", - депйт эксперт.

Шестаковдун сөзү боюнча, үстүбүздөгү жылдын март айында болгон мамлекеттик сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Путин Кыргызстан туруктуу коомдук-саясий өлкө болушуна жана региодогу коопсуздукту камсыз кылууга катышуусуна Россия кызыкдар экендигин билдирген. Иш жүзүндө кечээ Владимир Путин мурда айткандарын эле кайталады.

"Путин өлкөдөгү коомдук саясий туруктуулук тууралуу кеп кылып, кыргызстандыктарды учурдагы президенттин айланасына биригүүгө, ошондой эле кандайдыр бир бузукулук иш-чараларды кылбоого чакырды. ", - деп билдирди Шестаков.

Пикир

Оставить комментарий