• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россия Кыргызстандан барган мөмө-жемиштерди өткөрбөй койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Россиянын айыл чарбаны көзөмөлдөө кызматы (Россельхознадзор ) Кыргызстандан барган мөмө-жемиштерди РФнын аймагына өткөрбөй койгон.

Ведомствонун сайтында маалымдалгандай, жалпы көлөмү 17,7 тоннаны түзгөн жүзүм, кара өрүктөрдүн тиешелүү фитосанитардык документтери болгон эмес.

Россиянын аймагына карантинге алынган азыктарды киргизүүнүн талаптарын бузгандыгы үчүн ташуучулар административдик жоопкерчиликке тартылган.

Унаалар кайра Кыргызстанга кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий