• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россия Кыргызстандан жашылча-жемиш азыктарын ташууну жандантты

Коом 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Россельхознадзор 2022-жылдын 5-мартынан тарта мурда киргизилген чектөөлөрдү жокко чыгарып, өндүрүш ишканаларына коюлган чектөөлөрдү эске албастан, Кыргызстандан Россияга жашылча-жемиш азыктарын (томат жана калемпир) ташып келүүнү кайра баштады.

КР Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, мындан тышкары, тутумдун “Меркурий” – “Кабарлоо” компонентинде иш алып барган Кыргыз Республикасы мал чарба продукцияларын документтин тиркелген электрондук көчүрмөсү менен алдын ала кабарлоо модулу аркылуу жөнөтүү шартында ветеринардык сертификаттарды көрсөтпөстөн импорттой алат.

Сертификаттардын түп нускасын Россияда товарды алгандан кийин Россельхознадзорго жөнөтсө болот. Чара бардык мал чарба продуктуларына тиешелүү.

Пикир

Оставить комментарий