• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россия Кыргызстандан жумасына 10 миң тонна уй этин импорттоону пландап жатат

Экономика 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Россия Кыргызстандан жумасына 10 миң тонна уй этин импорттоону пландап жатат. Бул тууралу VIII кыргыз-россиялык Аймактар аралык конференциянын алкагындагы атайын уюштурулган таңкы тамак маалында айтылды.

Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов билдиргендей, кечээ натыйжалуу иш жүргүзүлүп, жалпы суммасы 1,5 млрд. доллардан ашык каражатка бир катар келишимге кол коюлган.

"АРВИАЙ РАШЕН ВЕНЧУР ИНВЕСТМЕНТС" АКсынын башкы директору Максим Новиков Кыргызстандын ири экспорттук мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп өттү.

"Кыргызстандын ири экспорттук мүмкүнчүлүгү бар жана бизди өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба багыты кызыктырат. Жакын арада уй этин оболу аз көлөмдө - жумасына 10 тоннадан түз импорттун баштагыбыз келет. Кыргызстандын климаттык шарттары сапаттуу продукттарды чыгарууга өбөлгө түзүп, ал биздин өлкөдө суроо-талапка ээ болот", - деди ал.

Ал эми Кыргызстандын айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев белгилегендей, Россиянын базарларына мал чарба продукциясынын экспорту 11%га өскөн.

"Бизде ири потенциал бар. Россия тараптан көп сунуштар болуп, биз иштөөгө дайынбыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий