• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россия Кыргызстандын бардык карызын кечти

Саясат 0

Москва, 20-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын каржы министрлери Адылбек Касымалиев жана Антон Силуанов Кыргызстандын Россиянын алдындагы 240 млн доллар карызын кечүү тууралуу протоколго кол коюшту.

Кол коюу аземи Москвада Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин РФга мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.

Журналисттерге КР каржы министри Адылбек Касымалиев билдиргендей, Россиянын алдындагы карыз 2012-жылдан тарта 488 млн долларды түзгөн.

"2013-жылы 188,9 млн доллар карыз кечилген. Бирок, 300 млн доллар карыз узартылган. 2016-2017-жылдары 60 млн доллар карыз жоюлган. Калган 240 млн доллар карызыбыз бүгүн бир жолу кечилди", - деди министр.

КР каржы министри протокол РФ Мамдумасы ратификациялаган соң күчүнө кирерин билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Россияга мамлекеттик сапары 24-июнга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий