• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өкмөт: Россия Кыргызстандын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштерине жардам берет

Өкмөт 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Вице-премьер министр Максат Мамытканов Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаты Олег Колесников менен биргеликте коррупцияга каршы күрөшүү иштери боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик думанын депутаты, коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү Олег Колесников Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштерине жардам берерин билдирди.

Ошондой эле ал белгилегендей, бул багыттагы макулдашылган иштин жыйынтыгында, анын катарында өкмөттөрдүн деңгээлиндеги жыйынтыктар жакынкы мезгилде көрүнөт.

Өз кезегинде Максат Мамытканов депутатка Кыргыз Республикасына сапар менен келүүсү үчүн ыраазычылык билдирди жана мындан ары карай жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.

Андан соң вице-премьер-министр жана Мамлекеттик думанын депутаты жалпыга маалымдоо каражаттарынын аталган темадагы суроолоруна жооп берди.
Жыйынтыгында депутат укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүнү пландап жаткандыгын баса белгилеп, Максат Мамытканов бул жолугушууларга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий