• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россия Кыргызстанга 20 млн долларлык өрт өчүрүүчү техникаларды берет

Коом 0

Бишкек, 22.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Россия Кыргызтанга 20 млн долларлык өрт өчүрүүчү техникаларды гранттык негизде берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, ӨКМдин техникалык потенциалын көтөрүү боюнча Россия менен келишим түзүлгөн.

“Август айынан баштап 100дөн ашык өрт өчүрүүчү техника, эки тик учак жана кошумча жабдыктар гранттык негизде бериле баштайт. Ошондой эле Кытай менен дагы келишимибиз бар. 2021-жылдын аягына чейин бизге 6 мобилдик госпиталь, 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника грант түрүндө келмек. Пандемияга байланыштуу техникалардын келиши 2022-жылдын биринчи жарымында жылды. Мындан сырткары, 9-июлда 60 өрт өчүрүүчү техника алуу үчүн тендер өткөрүп жатабыз. Тендер ийгиликтүү өтсө август айында ӨКМдин базасы жаңы техникалар менен толукталат”, - дейт ал.

Ажикеев учурда 55 оор техника жаңы келгенин жана июндун аягына чейин кошумча 85 техника келерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий