• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Россия Кыргызстанга 50 миң ПЧР-тест жөнөттү

COVID - 19 0

Бишкек, 14.11.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Россия өкмөтү Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине 500 комплект ПЧР-тест системасын жөнөттү. Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Үсөнбаев баштаган делегациянын өкүлдөрү Россиядан келген жүктү “Манас” эл аралык аба майданынан тосуп алышкан.

“Россия жөнөткөн 500 комплект ПЧР-тест системасы 50 миң лабораториялык изилдөөгө жетет. Бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда колдоо көрсөткөн Россия Федерациясына ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек КР биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Россияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Роспотребнадзордун жетекчиси, башкы санитардык дарыгер Анна Попова менен жолугушкан. Жолугушууда эки тарап COVID-19 менен күрөш жана эпидемиологиялык коопсуздук багытында кызматташуу жөнүндө сүйлөшүп, анын жыйынтыгында Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 50 миң даана тест-система бермей болгон.

Пикир

Оставить комментарий