• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам катары эки МИ-8МТ жана тогуз БРДМ-2М берди

Коом 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстанга кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам катары эки МИ-8МТ жана тогуз БРДМ-2М берди.

2019-жылдын жылдын соңуна чейин дагы 21 бронетехниканын келиши күтүлүүдө.

Техникаларды тапшыруу-кабыл алуу аземи бүгүн Кант шаарындагы авиабазада КР Генералдык штабынын башчысы Райимберди Дуйшенбиев жана Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгунун катышуусунда болду.

Аскар техника эки мамлекеттин коргоо ведомстволор келишимдерине ылайык тапшырылды.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө Россия тарабынан көрсөтүлүп жаткан аскердик көмөк Бириккен россиялык аскер базасынын Кыргызстандын аймагында орун алышы тууралуу эки мамлекеттин ортосундагы макулдашылган жоболордун негизинде каралган.

Пикир

Оставить комментарий