• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөт

Экономика 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Россия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Россиянын өкмөтү бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө пенсия жана жөлөк пулду, ошондой эле саламаттык сактоо тутумун каржылоого Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 млн доллар бөлөт.

"Келишимдин долбоору кыргыз тараптан жактырылган жана жакынкы аралыкта кол коюлат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий