• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россия Кыргызстанга ПЧР тест-системалардын топтомун жөнөттү

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Россия Федерациясы коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Кыргыз Республикасына гуманитардык жүк берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Гуманитардык жардам катары COVID-19 инфекциясынын бар-жогун аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы берилди. Жалпысынан жардам иретинде 80 720 изилдөө үчүн 820 ПЧР тест-системасынын толук топтому, 24 000 изилдөөгө толук эмес 480 топтом келген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлиги Россия Федерациясына, ошондой эле Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматына көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус инфекциясы менен мындан аркы күрөшүүдө жемиштүү кызматташууга ишеним көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий