• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россия Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасын жеткирип баштоого даярдыгын тастыктады

Өкмөт 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Москва шаарында (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиковдун Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, Өкмөттөр аралык кыргыз-россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 24-25-февралында Россия Федерациясына сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштердин жүрүшү каралды.

Артем Новиков белгилегендей, Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясынан «Спутник V» вакцинасын расмий каттаган, буга байланыштуу өлкө россиялык вакцинаны вакцинациялоо программасына киргизүүгө жана вакцинаны республика аймагына ташууга даяр. Россия тарап жакын арада Кыргыз Республикасынын калкы үчүн «Спутник V» вакцинасын жеткирип баштоого даяр экендигин тастыктады.

Мындан тышкары, тараптар Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жүрүүсүнүн укуктук макамы, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында бекитилген жүрүү тартибин бузган чет элдик жарандардын укуктук макамын жөнгө салуу маселеси талкууланды.

Россиялык тарап 2021-жылдын 15-июнуна чейин административдик чара колдонбостон жана Россия Федерациясынын аймагынан тышкары чыгаруу зарылдыгысыз чет элдик жарандардын укуктук макамын тариздөөнү жүргүзүү мүмкүндүгү тууралуу маалымдады.

Жолугушуу алкагында ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын жана санариптештирүү жаатындагы өз-ара аркеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Инвестициялык кызматташтыкты, экономикалык интеграцияны, гуманитардык өз-ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө багытталган жана башка багыттар боюнча сунуштарды жана долбоорлорду даярдоо жөнүндө макулдашууларга жетишилди.

Жакынкы жумада тараптар аркылуу Өкмөттөр аралык кыргыз-россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын теңтөрагаларынын пландаштырылган жолугушуусунда талкуулоо үчүн суроолордун тизмеси даярдалат.

Пикир

Оставить комментарий