• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Россия менен Казакстандын чек арасында туруп калган 100гө жакын кыргызстандык мейманканага жайгаштырылды – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Кыргызстанга келе жатып, коронавируска байланыштуу чек ара жабылгандыктан Казакстан менен чектешкен Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк районунда туруп калган кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди.

"Учурда 100 жакын кыргызстандык жаран Соль-Илецк шаарынын мейманканаларына жаткырылган. 15 жакын айдоочу өз каалоосу менен өзүнүн унааларында жатууда. Кыргызстандын Оренбургдагы ардактуу консулу кыргызстандык жарандар жана жергиликтүү бийлик, райондук полициянын өкүлдөрү менен байланышта болууда. Биздин жарандарга кыргыз диаспоралары да көмөк көрсөтүүдө", - деп билдирет министрлик.

Министрликтен билдиришкендей, мындан мурдараак кыргызстандык жарандарга транзиттик жол берүү маселеси боюнча Казакстан тарапка кайрылганда, Казакстандагы эпидемиологиялык оор кырдаалга жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө абалга байланыштуу транзит берүүгө мүмкүн эмес деген жооп келген.

"Оренбургдан Кыргызстанга келе жаткандагы Казакстандын облус жана шаарларында коронавирус аныкталып, карантин киргизилгенин белгилеп кетүү керек. 31-марттан тарта Актөбе, Акмола, Кызылорда жана Костанай облустарына кирүү жана чыгууга тыюу салынган", - деп, министрлик Казакстанда жарыяланган өзгөчө абалга байланыштуу Россия менен Казакстандын чек арасынын ачылышы азырынча мүмкүн эместигин белгилейт.

Аны менен бирге министрлик, алар жана Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Соль-Илецк районундагы кыргызстандык жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш алынып барып жатканын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий