• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россия менен сентябрдан тарта туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө - Акышев

Коом 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Россия менен сентябрдан тарта туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев "Ала-Тоо 24" каналынын түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Россия менен сентябрь айынан баштап 4 шаар менен туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

“Биз Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарлары менен каттамдарды калыбына келтирүү маселеси боюнча иштеп жатабыз. Туруктуу рейстер сентябрь айында ачылышы мүмкүн”, - деди ал.

Акышев кошумчалагандай, туруктуу каттамдар боюнча Казакстан менен дагы маселе иштелип чыгууда, ошондой эле сунуштар Кувейт менен Өзбекстанга жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Түркияга жана Бириккен Араб Эмираттарына 10-августтан баштап аба каттамдары ачылган.

Пикир

Оставить комментарий