• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россия менен Тажикстан ортосунда ырааттуу аба каттамдары жандана элек

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-октябрда Россия шаарларынан Тажикстанга алты чартердик каттам уюштурулат.

Расмий түрдө бекитилген график боюнча үч учак Москвадан, калгандары Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Уфадан чыгат.

31-октябрда Москвадан үч, Красноярсктан бир чартердик каттам аткарылат. Баары Россия менен макулдашылган. Азырынча эки өлкө ортосунда ырааттуу аба каттамдары качан жанданары белгисиз.

Тажикстан Россия менен аба байланышын жандандырууга даяр экенин июлда эле кабарлап, Москвага кат жөнөткөн.

Эки өлкө ортосундагы аба каттамдары мартта коронавирус коркунучунан улам токтотулган. Соңку учурда Россиядагы тажикстандыктар мекенине чартердик каттамдар менен гана келишүүдө. Тажикстан бийлиги маалымдагандай, апрелден октябрга чейин жеке каттамдар менен Тажикстанга 70 миңден ашуун жаран келди.

Пикир

Оставить комментарий