• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россия менен Украина газ транзити боюнча жалпы макулдашууга жетишти

Дүйнө 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Россия менен Украина 2020-жылдын 1-январынан кийинки газ транзити боюнча жалпы макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Европа комиссиясынын вице-президенти Марош Шефчович Берлиндеги сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

Dpa агенттигинин маалыматына караганда, Европа биримдигинин ортомчулугу менен өткөн жолугушуу тогуз саатка созулду. Тараптар алдыдагы келишимдин мөөнөтү жана Украина аркылуу Европага жеткириле турган газдын көлөмү боюнча макулдашууга жетишти. Азырынча анын деталдары жарыялана элек.

Россиянын энергетика министри Александр Новактын айтымында, тараптар алдыдагы негизги макулдашуу үчүн деталдуу протокол даярдашты. Бул маалыматты Украинанын энергетика министри Алексей Оржель дагы ырастады.

Шефчовичтин айтымында, жалпы макулдашуу 20-декабрда Москвада же Киевде талкууланат. Еврокомиссиянын вице-президенти жаңы келишимге жыл аягына чейин кол коюлат деген үмүтүн билдирди.

Газ транзити боюнча Россия менен Украинанын ортосундагы азкыркы келишимдин мөөнөтү быйыл жыл соңунда аяктайт. Эки өлкөнүн президенттери келишим мөөнөтүн узартууну Париждеги жолугушууда дагы талкуулап, бирок бир чечимге келе алышкан эмес.

Пикир

Оставить комментарий