• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россия мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген мөөнөттү 30-сентябрга чейин узартты

Дүйнө 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. 15-июнда Владимир Путин кол койгон жарлыкка ылайык, ушу тапта Россияда жүргөн чет өлкөлүк мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт 30-сентябрга чейин узартылды.

Мындай чечимдин мыйзам бузгандарга, улуттук коопсуздукка коркунуч келтиргендерге жана экстремизм менен терроризмге шектелгендерге тиешеси жок. Бул тууралуу kremlin.ru сайтында жарыяланды.

15-июнда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кыргызстандыктарга орус бийлиги чет өлкөлүктөргө документтерин ирээттеп алуу үчүн берген убакыт аяктаганын эскерткен. Элчиликтин маалыматына ылайык, жарандар ушул жылдын 15-июнуна чейин жарактуулук мөөнөтү өткөн документтерди (ID-карта жана жалпы жарандык паспорт) өз убагында алмаштырышы керек болчу.

Пикир

Оставить комментарий