• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россия мунай өндүрүү көлөмүн сентябрга чейин өзгөртпөөнү сунушташы мүмкүн

Дүйнө 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Июнда өтө турган ОПЕК+ жыйынында Россия азыркы мунай өндүрүү көлөмүн сентябрга чейин калтырууну сунушташы мүмкүн. Бул тууралуу «Коммерсант» гезити мунай тармагындагы өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Апрелдеги макулдашууга ылайык, майдан июлга чейин ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүшүн суткасына дээрлик 9,7 миллион баррелге кыскартышы керек. Андан соң 2020-жылдын аягына чейин өндүрүш көлөмүн суткасына 8 миллион баррель, 2021-жылдын май айына чейин 6 миллион баррель деңгээлинде кармап туруу сунушталган.

Макулдашуу шарттарына ылайык, Москва мунай өндүрүшүн май-июнь айларында суткасына 8,5 миллион баррелге кыскартат. Басылманын маалыматына караганда, ушу тапта Россиянын Энергетика министрлиги бул квотаны дагы эки ай күчүндө калтыруу маселесин талкуулап жатат.

Пикир

Оставить комментарий