• 84.79
  • 96
  • 1.14

РФ президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровду жогорку кызматка дайндалышы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 16.10.21. /Кабар/. Россия Федерациясынын президентинин администрациясынын жетекчиси Антон Вайно Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү.

Антон Вайно белгилегендей, эки өлкөнүн президенттик администрацияларынын ортосундагы конструктивдүү жумушчу байланыштарды өнүктүрүү эки өлкө лидерлери тарабынан коюлган милдеттери натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзөт.

Ал Акылбек Жапаровго ишиндеги ийгиликтерди, ошондой эле чың ден соолук жана бакубаттуулук каалады.

Пикир

Оставить комментарий