• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россия Путиндин сапарынын алдында кыргызстандыктарга “миграциялык амнистия” жарыялады

Коом 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу сапарынын алдында кыргыз-орус кызматташтыгынын алкагында болгон жетишкендиктерди ишке ашыруу максатында Россия тарап кыргыз жарандары үчүн “миграциялык амнистия” жарыялады.

undefined

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин сайтында маалымдалгандай, “Миграциялык мунапыс” мезгилинде Россия Федерациясынын аймагында миграциялык мыйзам бузуулары менен жүргөн Кыргызстандын жарандарына 2019-жылдын 22-апрелине чейин эч кандай тоскоолдуксуз чыгууга жана кайра каалаган учурда административдик жоопко тартылбастан кирүүгө укук берилет.

Бул маалымат 2019-жылдын 21-март күнү РФ ИИМнин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси В.Казакованын кыргыз делегациясы менен болгон жолугуусунда кабарланган.

КРнын Россиядагы элчилиги ал жакта миграциялык мыйзамды бузуу менен жүргөн кыргыз жарандарын аталган “миграциялык амнистия” менен колдонуп калууга чакырат. Толук маалымат алуу үчүн элчиликтин төмөнкү номерине кайрылууга болот: (+ 7 925 103 29 11).

Пикир

Оставить комментарий