• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россия санкциялардан улам 6 миллиард доллардан ашуун зыян тартты

Дүйнө 0

Бишкек, 19.02.19 /Кабар/. Россиялык экспортчулар Батыштын экономикалык санкцияларынан улам 6 миллиард 300 миллион доллар жоготушту. Бул тууралуу “Интерфакс” Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин баяндамасына таянуу менен билдирди.

Баяндамада орус товарларына 25 жолу чектөө киргизүү менен Европа Биримдиги алдынкы орунга чыкканы белгиленет. Экинчи орунда Украина (22), үчүнчү катарда Индия (16) турат. АКШ бешилтикке кирген эмес: өлкө Орусияга карата 9 жолу санкция киргизген.

Ошол эле маалда АКШнын санкциялары орусиялык экспортчуларга 1,1 миллиард доллар каржылык чыгым келтирген. Европа биримдигинин чектөөлөрү эки жарым миллиардга жакын зыян алып келген.

Металлургия тармагы дээрлик 4 миллиард доллар, айыл чарба тармагы 1 миллиард доллар жоготкон.

2018-жылдын жыйынтыгы менен бардыгы болуп 62 өлкө орус товарларына карата санкция киргизген, чектөө чараларынын жалпы саны – 159.

Пикир

Оставить комментарий