• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россия ТИМи Кыргызстандагы парламенттик шайлоо тууралуу билдирүү жасады

Саясат 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде Кыргызстандын парламентинин депутаттарын шайлоо тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу РФнын тышкы саясий ведомствосунун сайтында маалымдалат.

“2021-жылы 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо эл аралык байкоочулардын, анын ичинде курамында КМШнын көзөмөлдөө миссиясынын катышуусунда өттү, добуш берүү ээн-эркин, ачык жана аталган өлкөнүн улуттук мыйзмдарына ылайык өткөнү белгиленет.

Россия Федерациясынын аймагында КР жарандарынын добуш берүүсүн уюштурууга кыргыз тараптан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, 16 аймакта 21 шайлоо тилкеси ачылды, анын ичинде Москвада 6 шайлоо тилкеси уюштурулду. Белгилей кетүүчү жагдай биз тараптан зарыл болгон бардык колдоо көрсөтүлдү.

Биз Кыргыз Республикасынын элинин эркин билдирүүнүн натыйжалары ички туруктуулукту чыңдоого, ошондой эле бул өлкөнүн укуктук демократиялык өнүгүүсүнө, экономикасынын прогрессивдүү өсүшүнө жана улуттун жыргалчылыгын шарттайт деп үмүттөнөбүз.

Кыргыз парламентинин жаңы курамы Россия Федерациясы менен стратегиялык союздаштык мамилени улантып, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди тереңдетип, Борбордук Азияда тынчтык менен коопсуздуктун кызыкчылыгында биргелешкен күч-аракеттерди түзөт деп ишенебиз», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий