• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россия Өзбекстан-КР-Кытай темир жолун куруу долбооруна катышышы мүмкүн

Экономика 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. "Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай" темир жолун куруу долбооруна Россиянын катышуусу каралууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын президентинин аппаратынын стратегиялык өнүгүү, экономика жана каржы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча Россия менен сүйлөшүүлөр башталып, жүргүзүлүүдө.

"Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай" темир жолунун курулушуна Россиянын катышуусу каралууда. Курулуш боюнча макулдашуу долбоорго катышып жаткан өлкөлөр ортосунда жүргүзүлөт", - деди ал.

Иманалиев билдиргендей, Россия президентинин мамлекеттик сапарынын алкагындагы Бишкектеги Аймактар аралык конференцияда энергетика, жеңил өнөр-жай, продукцияларды сатуу, унаа тармагында бир нече багыт боюнча инвестициялык макулдашууларга кол коюлушу белгиленүүдө.

Пикир

Оставить комментарий