• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КР менен РФ эки тараптуу сооданын көлөмүн $ 2 млрд чейин көтөрүүнү пландоодо – Сыдыков

Коом 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Россия жана Кыргызстан бийик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу сооданын көлөмүн келечекте жылына 2 млрд. долларга чейин көтөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.

Ал 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,6 млрд. АКШ долларын түзгөн жана ал өсүү тенденциясына ээ деп билдирди.

“Мурунку жылга салыштырмалуу ал 3,7% өскөн. Президенттер аны 2 млрд. көрсөткүчкө чейин жеткирүү тапшырмасын коюшкан. VIII регион аралык конференциянын жыйынтыктары көрсөткөндөй, макулдашылган сүйлөшүүлөр ишке ашса товар жүгүртүү 3-4 млрд. долларга чейин өсүүсү мүмкүн. Алардын ичинен эң негизгилери 6 млрд. доллардан ашык сумманы түзгөн”, - деп белгиледи Сыдыков.

Президенттик аппараттын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев кошумчалагандай, конференция учурунда суммасы 6 млрд. доллардан ашкан 53 документке кол коюлган. Бул макулдашуулар экономикалык жаатта жана ЕАЭБде интеграциялык байланыштарды тереңдетүүдө чоң потенциалга ээ.

Эске сала кетсек, Россиянын президенти В.Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин алдында өткөн Кыргызстан жана Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун I форумунун жүрүшүндө эки өлкөнүн билим берүү мекемелери ортосунда 70ке жакын келишимге кол коюлган.

Ал эми мамлекеттик визиттин жүрүшүндө 18 документке кол коюлган. Ошондой эле эки өлкө башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө да кол коюлган. Владимир Путин мамлекеттик визити менен КРга 28-март күнү келген.

Пикир

Оставить комментарий