• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россия жана Кыргызстандын эксперттери аймактык коопсуздук маселесин талкуулашууда

Коом 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Тажикстан менен чек арадагы жаңжал Кыргызстанда гана эмес, жалпы аймактагы коопсуздуктун көптөгөн маселелерин көрсөттү. Бул көйгөй бир нече жылдан бери белгилүү болгонуна карабай аны чечүүнүн жолдору сунушталбай келет. Бирок, азыр бул маселени артка жылдырууга болбойт. Ушуга байланыштуу, эксперттик коомчулук “Фергана өрөөнүндөгү чек ара жаңжалдарынын Борбордук Азиядагы глобалдык коопсуздук архитектурасына тийгизген таасири” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө топтолгон көйгөйлөрдү талкуулоону чечишти.

Саясат таануучу Игорь Шестаков эксперттер чек арада орун алган окуяны гана эмес, жалпы аймактагы коопсуздук маселесин талкуулоону пландап жатышканы тууралуу билдирди.

“Биз ушул күндөрү көбүрөөк талкууга түшкөн ЖККУнун ишмердүүлүк темасын козгойбуз. Бул тема үстөмдүк кылган. Майдын аягында президент С.Жапаровдун Москвага иш сапары пландалууда, анда аймактагы коопсуздук маселеси козголот. Белгилүү болгондой, россия тарап өзүн коопсуздуктун кепилдиги катары көрсөтөт”, - дейт Шестаков.

“Кабар” КУМАнын директору Кубанычбек Таабалдиев иш-чарага эки өлкөдөн эксперттер чакырылганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий