• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россия Сладкое көлүнүн Казакстанга берилгенин четке кагууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.08.17. /Кабар/. Россия туристтердин арасында популярдуу болгон Сладкое көлүнүн Казакстанга берилгенин четке какты. Новосибирск облусунун мыйзам чыгаруу жыйыны көлдү берүү тууралуу маалыматтар «болбогон сөз» экенин билдирди.

«Көлдүн бир бөлүгү биздики. Ал чек арада бөлүнгөн бойдон турат. Өлкө аймагынын бир бөлүгүн башка бирөөнө берип коюуга болмок беле?» - деп билдирди облустун мыйзам чыгаруу жыйынынын төрага орун басары Андрей Панферов.

Казакстан менен Россиянын чек арасы аталган көл аркылуу өтөт. Би-Би-Си билдиргендей, көлдүн айланасындагы түшүнбөстүктөр Россиянын Купинск райондук администрациясынын билдирүүсүнөн кийин пайда болгон. Анда акимчиликтин сайтында «Сладкое көлү эми Казакстанда!» деген билдирүү жарыяланып, жергиликтүү тургундар менен туристтерди чек ара режимин бузбоого үндөшкөн.

Андрей Панферов Купинск райондук акимчилигинин сайтындагы (кийин өчүрүлгөн) билдирүү жаңылыш болгонун айтты.

Казакстандын Россиядагы элчилиги да чек ара маселеси каралбаганын ырастады.

Пикир

Оставить комментарий