• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россияда 1-апрелден тарта мигранттарды кызамыкка каршы эмдөө башталды

Дүйнө 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Россияда 1-апрелден тарта мигранттарды кызамыкка каршы эмдөө башталды. Тийиштүү токтомго РФ бышкы санитардык врачы Анна Попова кол койгон.

Документке ылайык, Россиянын бардык региондорунда иштеген мигранттар 2019-жылдын 1-октябрна чейин эмдөөдөн өтүшү керек.

Чет элдик жарандарга РФ аймагында жумуш берген тарап эмдөөдөн өтүүгө жардам бериши зарыл, деп айтылат Роспотребнадзордун расмий сайтында.

Кызамык — вирус козгоочу жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, аба аркылуу башка кишиге жугат.

Пикир

Оставить комментарий