• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россияда 17 жаштагы кыргызстандык жигит кыздын өмүрүн сактайм деп сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 30.07.18 /Кабар/. 17 жаштагы Кыргызстандын жараны Россиянын Сахалин облусунда сууга чөгүп жаткан кыздын өмүрүн сактайм деп өзү чөгүп кетти. Учурда аталган факт боюнча Россиянын тергөө комитети тарабынан текшерүү жүрүп, окуянын чоо-жайы аныкталып жатат.

Маалыматка караганда, 29-июлда саат 16:25те Корсаков районунда жайгашкан Русское көлүнө жаш адам чөгүп кеткен.

Окуя болгон жерди изилдөөнүн жүрүшүндө 17 жаштагы Кыргызстандын жараны достору менен көлдө жүргөндүгү аныкталган. Тааныштарынын бири сууга түшөм деп чөгө баштаганда жигит аны куткарам деп суунун астына кирип кеткен.

Тергөө комитетинин маалыматына караганда, издөө иштеринин натыйжасында каза болгон кыргыз жаранынын денесин бүгүн, 30-июлда табышкан.

Пикир

Оставить комментарий