• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Россияда 32 жаштагы кыргызстандыктын өлүмүнө шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Новосибирск полициясы 32 жаштагы кыргызстандык аялдын өлүмүнө шектүүнү кармады.

Аймак боюнча РФ Тергөө комитетинин расмий сайтында маалымдалгандай, адамды ырайымсыз өлтүрүүгө шектелип, каза болгон аялдын мурдагы таанышы 36 жаштагы эркек кармалган.

ТК маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 4-ноябрында Новосибирск шаарындагы “Планета” гарждык-курулуш кооперативинде аял эркек өтүп бара жатышкан. Алардын сүйлөшүүсү учурунда өз ара мамилелери тууралуу чыр чыккан.

“Эркек чөнтөгүнөн бычак алып чыгып, аялды далысына жана төшүнө жетиден кем эмес жолу сайган. Жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Андан соң кылмышкер окуя болгон жерден качып кеткен”, -деп айтылат тергөөнүн маалыматында.

Новосибирск полициясы кылмышка шектүүнү табып, кармашты. Иш боюнча комплекстүү тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий