• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россияда 8 кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Россияда 8 кыргыстандык жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болду, бешөө жабыркады.

Маалыматка караганда, 16-сентябрда саат 5:30 чамасында ичинде Кыргызстандын жарандары бар Самарадан Москваны көздөй багыт алган кичи автобус М.5 трассасынын 198-чакырымында мамыны сүзгөн.

Алдын ала версия боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган. Кырсык болгон учурда автобуста 8 кыргызстандык болгон. Анын кесепетинен бир адам көз жумуп, бешөө жаракат алышкан. Учурда жабыркагандардын экөө ооруканада, калгандарга жеринен медициналык жардам көрсөтүлгөн, деп билдирет interfax.ru сайты.

Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштешүүдө. Жабыркагандардын өздүгү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий