• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Россияда Айтматовдун чыгармасынын негизинде “Талаа” спектакли коюлат

Маданият 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Быйыл Россияда залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Талаа" спектакли коюлат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрынын жетекчиси Евгений Кузнецов кабарлады.

“Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Россияга сапар тартабыз. Челябинск, Курган жана Магнитогорск шаарларында Кыргызстандан эки спектакль көрсөтөбүз”, - дейт ал.

Анын айтуусу боюнча, биринчиси Айтматовдун чыгармасынын негизинде “Талаа” спектакли, экинчиси – Дон Нигронун “Жаныбарлардын окуялары”.

Андаш тышкары, аталган эки спектаклдин бирин Ош жана Жалал-Абад облусунда көрсөтүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий