• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россияда акыркы суткада COVID-19дун 8 миң 328 жаңы учуру катталды

Дүйнө 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Россияда акыркы суткада COVID-19 менен ооругандар 8 миң 328ге көбөйүп, жалпы өлкө боюнча 4 млн 597 миң 868 адамга жетти, деп билдирет коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү ыкчам штабынан.

“Акыркы суткада Россиянын 85 аймагынан коронавирус инфекциясынын 8 миң 328 жаңы учуру катталды, анын ичинде 1 миң 8 учур (12,1%) клиникалык белгилери жок активдүү түрүндө аныкталган”,-деп айтылат маалыматта.

Россияда пандемия башталгандан бери 4 млн 597 миң 868 учур катталган. Өсүү темпи 0,18%ды түзөт.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий