• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россияда «АрМИ-2022» мелдешинин ачылышы өттү

Коом 0

Бишкек, 16.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын 15-августунда Россия Федерациясынын "Патриот" Конгресс-көргөзмө борборунун аймагында Армиянын эл аралык оюндарынын-2022 ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирет.

Иш-чарага Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу, ошондой эле "АрМИ-2022"мелдешине катышкан мамлекеттеринин коргоо ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Оюндардын ачылышынын алдында жашыл түстөгү танкалар менен кыргыз танкисттери өтүп, аларга 1-дивизиондо салттуу түрдө чыгып келе жаткан Россия Федерациясы, Кытай Эл Республикасы жана Беларусь Республикасы танкалык мелдештердин туруктуу жеңүүчүлөрү каршы чыгышты.

Эскерте кетсек, "Танк биатлону-2022" эл аралык сынагы 15-августтан 27-августка чейин өткөрүлөт. Сынактын этаптарына жеке жарыш, жарым финал жана "Эстафета" финалдык баскычтары кирет. Турнирдин катышуучуларынын мелдеш майданында туура багыт алуу, танкаларда башкаруу, окту таамай атуу жана башкаруу боюнча ыктары бааланат.

Пикир

Оставить комментарий