• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россияда автобус аңга кулап, 7 адам каза болду

Дүйнө 0


Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Россиянын Калуга шаарына жакын жерде автобус аңга кулап түшүп, жети адам каза болгон. Бул тууралуу аймактын Ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын жетекчиси Наталья Горохова ТАСС агенттигине билдирген.

“Жол кырсыктан жети адам каза болгон. Анын ичинде төртөө жаш балдар”, - деп маалымдады ал.

Белгилүү болгондой, кырсык кечээ, 3-февраль күнү саат 09:15 чамаларында Калуга-Вязьма жолунун 128-чакырымында болгон. Жүргүнчүлүк автобус аңга түшүп кеткен. Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Унаада 48 адам болгон, анын ичинен 33 жаш балдар. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар спорттук иш-чарага катышканы бара жатышкан.

Пикир

Оставить комментарий