• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россияда бир күндө 11 миң 86 адамдан коронавирус табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Россияда бир күндө 11 миң 86 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу коронавирустун жайылуусуна каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдан билдиргенин Известия басылмасы жазат.

Эң көп учур Москва шаарында (1336), Санкт-Петербургда (947) жана Москва облусунда (502) катталды.

"Акыркы суткада 428 адам илдеттен каза болсо, 15 миң 722 бейтап айыкты. Россияда пандемия башталгандан бери 4 млн 223 миң 186 адам ооруган. Ошондой эле 85 миң 304 жаран каза болуп, 3 млн 783 миң 386сы сакайган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий