• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россияда Ч.Айтматовдун кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. 13-июнда Сергиев Посад шаарында (Россия Федерациясы) Чыңгыз Айтматовдун кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш «Русский мир» аталыштагы Россия жана Евразия өлкөлөрүнүн элдеринин дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлөт.

Мелдештин негизги максаттары:

  • кыргыз-россиялык алаканы бекемдөө;
  • Россия күнүн жана Александр Невскийдин туулган күнүн белгилөө;
  • жазуучу, Советтер Союзунун социалисттик эмгектин баатыры Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу;
  • көк бөрүнү Евразиянын көчмөн элдеринин улуттук спорту катары жайылтуу максатында өткөрүлөт.

"Көк бөрү боюнча эл аралык мелдешти атайын түзүлгөн уюштуруу комитети алып барат. Уюштуруу комитетине спортту жана тынчтыктын маданиятын жайылтуу боюнча региондор аралык коомдук фондунун, Россия элдеринин ассамблеясынын жана Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү кирет. Мелдеш КР Көк бөрү федерациясынын эрежелери боюнча өткөрүлөт",-деп айтылат маалыматта.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Чыңгыз Айтматовдун кубогу жана уюштуруу комитетинин сыйлыктары, ал эми катышуучулар эстеликке сувенирлер менен сыйланышат.

Пикир

Оставить комментарий