• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россияда дүйнөлүк согушта каза болгон учкучтун сөөгү табылды. КРда анын жакындары изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Россияда "Эстелик күзөтү-2019" акциясынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуш өткөн талааларда издөө экспедициясы учурунда Мелихово айылына жакын жерде учкучтун сөөгү табылган.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иликтөө иштеринин натыйжасында сөөк Чкаловский 3-жогорку авиациялык учкучтар окуу жайында окуган кенже лейтенант Гусак Михаил Николаевичке таандык экени аныкталган, ал Кировоград облусунда 1922-жылы төрөлүп, Фрунзе шаарынын Свердлов райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган.

"1943-жылдын 15-июлунда Калуга облусунун Ульяновск районундагы Мелихово айылына жакын жерде кенже лейтенант М.Гусактын учагы атып түшүрүлүп, учак кулап, учкуч каза болгон. Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Борбордук башкармалыгындагы документтерде учкуч М.Н.Гусактын энеси Фрунзе шаарында жашаган София Федоровна Гусак болуп аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу элчилик каза болгон кенже лейтенант М.Гусактын жакындарын жана урпактарын байланашууга өтүнөт.

Байланыш маалыматтары: тел.: +7 995 720 08 11; e-mail: kgembassy.ru@mfa.gov.kg.

Пикир

Оставить комментарий