• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россияда дарыгерлер бейтаптын жаратын cкотч менен таңып берген

Дүйнө 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Россиянын Благовещенск шаардык ооруканасында медиктер операция жасалган оорулунун жаратын таңган кезде скотч пайдаланылган, деп РИА Новости басылмасы жазып чыкты.

Мындай окуя болгонун 63 жаштагы аялдын кызы прокуратурага кабарлап, арыз берген. Анын маалыматы боюнча, операциядан кийин дарыгерлер марлинин үстүнөн жөнөкөй эле канцелярдык cкотчту чаптап коюшкан.

Прокуратура бул факт боюнча текшерүү жүрүп жаткандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий