• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россияда депортация чыгымдарын мигранттардын өзүлөрүнө төлөтүү сунушталууда

Дүйнө 0

Бишкек. 04.04.19 /Кабар/. Россиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) депортация чыгымдарын мигранттардын өзүлөрүнө төлөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун даярдады.

Мекеменин бул сунушу нормативдик-укуктук актылардын порталына жарыяланды. Документ азырынча Мамлекеттик Думанын кароосуна чыгарыла элек.

Учурда чет өлкөлүктөрдү мекенине депортациялоо үчүн кеткен чыгымдар РФ бюджетинин эсебинен төлөнөт. Бирок 2017-жылы күчүнө кирген нормага ылайык, Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган чет өлкөлүктөр ИИМ кызматкеринин көзөмөлү алдында билет сатып алып, депортацияланбастан, өлкөдөн өз алдынча чыгып кете алышат.

«Россияга кирүү жана чыгуу тартиби жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, эгер чет өлкөлүк жаран РФ жүргөн кезинде кайсыл бир салыкты же административдик айыппулду төлөбөгөн болсо, анда анын өлкөгө кайрадан кирүүсүнө уруксат берилбейт.

Орус ИИМинин маалыматына караганда, былтыр чет өлкөлүктөргө карата Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салган 250дөн ашык чечим чыгарылган. Алардын алты миңден ашыгы гана депортацияланса, калганы өлкөдөн өз алдынча чыгып кетишкен.

Ошол эле маалда азыр Россияда дээрлик 10 миллион чет өлкөлүк жашайт. Алардын көбүн мыйзамдуу түрдө жүргөндөр түзөт.

Пикир

Оставить комментарий