• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Россияда эс алуу күндөрү 30-апрелге чейин узартылды

Дүйнө 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин 2-апрелде элине дагы бир сыйра кайрылды. Анда өлкө боюнча апрель айын иштебей турган күндөр деп жарыялады. Эс алып аткан учурда мамлекеттик кызматчы-жумушчулардын айлык акысы сакталарын билдирди.

Путин андан сырткары Россиянын карамагындагы аймактардын башчыларына өздөрүнө ыңгайлуу карантин чараларын киргизиши үчүн кошумча ыйгарым укук берди.

Россияда коронавируска байланыштуу жагдайдан улам өзгөчө абал же кырдаал жарыяланган жок.

Путин мындан бир жума мурун, 25-мартта эле элге кайрылган жана анда 30-марттан 5-апрелге чейин бир жумалык эс алуу жарыялаган. Ошондой эле Конституцияны өзгөртүү боюнча 22-апрелде өтө турган референдумдун мөөнөтүн илдетке байланыштуу кийинкиге жылдырган.

Россияда соңку бир күн ичинде коронавирус 771 адамдан табылды. Бул сан оору катталган алгачкы убактан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Коронавирустун жайылышына каршы ыкчам штабдын маалыматы боюнча, илдет жуккандардын жалпы саны 3548 кишиге жетти. Өпкөнү сезгенткен оорудан бир күндө алты адам каза болду жана көз жумгандардын саны 30 адамга жетти. Коронавирустан 45 адам айыкты.

Жагдайга байланыштуу Россиянын 50дөй аймагында карантин жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий