• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россияда ичинде шахтерлор бар автобус оодарылып, 6 адам көз жумган

Дүйнө 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Россиянын Кемеров облусунда шахтерлордун автобусу кулап, алты адам көз жумган. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине "Распад көмүр компаниясынын” өкүлү билдирген.

Маалыматка ылайык, унаа 40-45 метр бийиктиктен кулаган. Кырсыктан 6 адам көз жумуп, дагы 16сы ар кандай жаракаттарды алган. Төрт адам оор абалда айматык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Көмүр компания тарабынан атайын комиссия түзүлүп, иштин чоо-жайын териштирүү жүрүүдө.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, айдоочу рулду башкара албай калган.

Пикир

Оставить комментарий