• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россияда иштебей калган жол чырактын айынан кыргыз жараны адамды сүзүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 21.01.19./Кабар/. Россиянын Тверь шаарында маршруттун айдоочусу болуп иштеген кыргыз жараны бузулган жол чырактын айынан 17 жаштагы кызды сүзүп кеткен.

Россиянын укук-коргоо органдарынын маалыматына ылайык, бул кырсык 19-январь күнү Жеңиш проспектисинде болгон.

Волоколамск проспектиси боюнча келе жаткан №208 маршруттук такси жолдун ортоңку тилкеси менен келе жатып, четке чыгам деп, жолду өтүп бара жаткан жүргүнчү кызды сүзүп кеткен. Маалыматтарга ылайык, кыздын абалы жакшы.

“Кырсыктын себеби – бузулган жол чырак. Анткени жанындагы имараттын чатырынан түшкөн кар күрткү жол чыракты бузуп кеткен”, – деп берилет маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий